Бактылуулук Доордо Жашаган Коом

Алланын Элчисинин (саллаллааху алейхи васаллам) өрнөктүү адеп-ахлагы жана пайгамбарлык тарбиясы өтө таасирдүү болгон. Анын укмуштуудай таасирин ушундан билиңиз, мурун чала жырткыч болуп, дээрлик көпчүлүгү адамгерчилик сапаттан куржалак калган «жахилия коому» өтө кыска мөөнөттүн ичинде адамзатты суктандырган “сахаба” деген асылдарга айланып, алардын шарапаты менен «Бактылуулук доор» курулган.
Дал ошул кадырман Пайгамбар караңгы жана түркөй коомдун ичинде өсүп чоңойгон. Бирок, аны Жараткан Алла Өзү тарбиялаган. Аны (саллаллааху алейхи васаллам) бүтүндөй адамзатка Элчи жана رَحْمَةً لِلْعَالَمِين – «ааламдарга ырайымдуулуктун” жүзү кылып жиберген. Ал алып келген ыйык Куран дүйнө жүзүнүн китепканаларына жарык нурун чачып келе жатат. Какшыган жан дүйнөлөрдү көрктөндүрүп, адашкандарга акыйкатты көрсөткөн. Даанышмандыкты, эки ааламдын аялуу сырларын жана илим-билимди үйрөткөн. Анын жана ага келген Курани Каримдин руханияты, берекеси менен мечиттерде Жараткан Алланын акыйкат сабактары окутууда. Ал эми Куран китеби эки дүйнөнүн бак-таалайына багыттоочулук кызматын улантып келе жатат.


Ислам Акыйкат Дин

Адамзат эч бир доордо жол башчысыз, таалим-тарбиясыз калган эмес. Бул жолдо жүз жыйырма төрт миң пайгамбар өз вазийпасын татыктуу аткарып кеткен. Эң соңунда, акыр замандын суроо талабына жооп берген Ислам дини жөнөтүлгөн. Ислам дини Азирети Мухаммеддин (соллоллаху алейхи васоллом) жыйырма үч жылдык Пайгамбарлык мөөнөтү ичинде этап-этабы менен толукталып олтуруп кемелине жеткен. Ошентип, Жараткан бизге Өзү убада кылган эң акыркы динди тартуулаган. Акылга салып калчай турган болсок, бүгүн биз үчүн Ислам дининен улук, Исламдан бийик турган эч бир нематжок.
Ислам дини жалпы пендезатка жиберилгендиктен, бүтүндөй жашоону кучагына алган дүйнө таанымы жана ак менен караны, пайда менен зыянды таасын ажыратып берген өзгөргүс жол-жоболор жыйнагы менен келген. Адам менен адамдын, адам менен табияттын, адам менен жан-жаныбардын ортосундагы карым-катнашты, алаканы алаканга салгандай айкын эрежелер менен аныктаган. Кыскасы жашоонун эч бир тарабын бош калтырган эмес.
Алла Таала баарыбызды Исламды жетик түшүнүп, аны менен жуурулуша жашоо аркылуу Алланын ыраазылыгын тапкан жана бул дүйнөдө көңүлү ток, ал эми акыретте түбөлүк бакытка жеткен пенделерден кылсын...
Оомийн!


Пайгамбарлар Тарыхы - 1

Жараткандын жардамы жана чымырканган кайрат менен жазылган бул эмгек Куран аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү, сырдуу, жемиштүү өмүр-жашоосунун маңыздуу учурларын камтыйт.
Урматтуу окурман бул китептен төмөнкү пайгамбарлардын көөнөрбөс өмүр таржымалдарын Куран аяттарынын негизинде окуй аласыздар.
Периштелердин саждасына Алла татыктуу кылган Адам (алейхис салам);
Асманды таң калтырган сырдын ээси Идрис (алейхис салам);
Жер жүзүн топон суу менен каапырлыктан тазалаган нух (алейхис салам);
Кудайга ишенбеген Ад коомун алаамат бороон менен түбүн көккө сапырган Худ (алейхис салам);
Албуут азгырыктын кесепетинен пайда болгон зилзалада үйлөрү орду түбү менен ойрондолгон Самуд коомуна жиберилген Салих (алейхис салам);
Заалым Намруттун тоодой алоолонуп күйгөн отун Жаратканга жан-дилден берилгендиги менен гүлзарга айланткан Ибрахим (алейхис салам);
Ырыстуу ыкласы, тообокелчилиги жана берилгендиги менен дастанга айланган Исмаил (алейхис салам);
Урук тукумунан Бани Исраил пайгамбарлары тараган Исхак (алейхис салам);
Содом жана Гоморенин уят-сыйсыз калкын акыр-аягына чейин адеп-ахлакка үндөгөн Лут (алейхис салам).


Пайгамбарлар Тарыхы - 2

Пайгамбарлар тарыхы жыйнагынын 2-китеби катары жазылган колуңуздардагы береги эмгекте оболкусундай эле баш сөздө тизмектелген усул жана ыкмалар толугу менен колдонулду. Ак диндин жарчылары болгон Алланын Элчилеринин алейхимус салам бизге жеткен азыноолак таржымалдары жана тарыхый издери болжолдуу элестер менен жазылды. Төмөндө аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү жана көөнөргүс баяндарын окуй аласыздар.
Тавхид желегин Чыгыштан батышка карай баатырлык менен көтөргөн Зулкарнайн (алейхис салам);
Сагыныч, куса жана сүйүү отуна албырттап, сабырдуулуктун нагыз дастаны Жакып (алейхис салам);
Кулчулукка сатылып, түрдүү кордуктарга кабылып, андан соң зынданда киши чыдагыс кыйын күндөрдү баштан кечириип, акырында Мисир элинин урмат-сыйына татыган Жусуп (алейхис салам);
Тилинен бал тамган чечендиги менен угармандын жан дүйнөсүн толкуткан ак таңдай пайгамбар Хатибул Анбия Шуайб (алейхис салам);
Аса таягынын керемттүү мужизасы менен каапыр фараонду Кызыл деңиздин ириминде калтырган Муса (алейхис салам);
Ар убак Азирети Мусанын жанында жүрүп, тажрыйбаны мол топтогон ыйманы бек тууганы Харун (алейхис салам).


Пайгамбарлар Тарыхы - 3

Бул китепте бүт ааламга ырайымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн күнү болуп жаркырай турган эң акыркы Элчи азирети Мухаммед Мустафанын келерин жаздын жышааны болгон байчечекей өңдүү сүйүнчүлөй турган пайгамбарлардан,
Чын ыкластан айткан зикиринин фазилети менен тоо-ташты титиреткен, ал тургай жырткыч айбандарды да туйлаткан Давуд (алейхис салам);
Өтө көп байлыгына эч ким атаандаша алгыс күчтүү бийлигине манчырканбай, жүрөгүн зикир менен тойгузган Сулайман (алейхис салам);
Жүз жылдык өлүм уйкусунан соң Алланын буйругу менен кайра тирилип, кыяматтагы кайра жаралууга далил жана мисал көрсөткөн Узайр (алейхис салам);
Терең ой чабыты менен сабырдуулуктун кажыбас түркүгү атыккан Айуб (алейхис салам);
Ыйманга сүңгүп кирип, Жараткандан кечирим тилеп, дуба жана зикир чындыгынын түбүн түрө кыдырып, караңгылыктан кутулган Юнус (алейхис салам);
Алла Тааланын «Илязга салам болсун!» деген өзгөчө назарына жана сүйүүсүнө арзыган Иляз (алейхис салам);
Ааламдарга атагы кеткен Аляса (алейхис салам);
Алла Тааланын мээринен жан дүйнөсүн сугарып, асыл сапатын өөрчүткөн салих пайгамбар Зулкифл (алейхис салам);
Кеменгер насааттары менен дастанга айланган, заттык жана рухий табыптардын пири саналган Лукман Аким (алейхис салам);
Араа менен экиге бөлүнүп жаткан чакта да «кынк» деп үн чыгарбаган, чыдамкайлыгын жана Аллага берилгендигин сактап калган пайгамбар Закария (алейхис салам);
Атасы Закария сыяктуу шейит кеткен Яхия (алейхис салам);
Тамырдын ар бир кагышы менен кошо Алла Тааланы данктап, напсисин кыңк эттирбей моюн сундуруп, Жараткан берген өзгөчө касиет менен ооруларды айыктырып, өлгөндү тирилткен, акырынла асманга көтөрүлгөн Азирети Исанын (алейхис салам) өрнөктүү өмүр таржымалдарын окуй аласыздар.


Азирети Мухаммад Мустафа - 1

АЗИРЕТИ Мухаммеддин жолун чалкыган деңизге салыштырууга болот. Баяндамаларга караганда Ага өзүнөн мурда элчи болуп жөнөтүлгөн «әң миңдей пайгамбарлардын билинген жана билинбеген барча артыкчылыктырынын эң күчтүүсү ыроолонгон.. Ал изги ахлактуулуктун жана мыкты кулк-мунөздун сересин багынтуу менен бирге өз дооруна чейин жашап өткөн адам баласынын дуйнө таанымы, аң-сезими жана жашоо ыңгайы жагынан багынткан жетишкендиктеринин алдына чыккан жана адампенденин кыяматка чейинки тушуга турган муктаждыктарын да камсыздай ала турган өзгөчө кишилиги менен «Акыр заман Пайгамбары» кылынып жөнөтүлгөн. Ал «Хатамул-Анбия», тактап айтканда, «Пайгамбарлыктын эң акыркы мөөрү» болуп саналат.
Анын өмүр жолун үйрөнбөй, жүрөктөрдү Ага болгон сүйүү менен жылытпай туруп кыяматта жакта кабылдана турган дин Исламды жашоо эч мүмкүн эмес. Мунун жүзөгө ашышы Пайгамбардын өмүр жолуна кызыгуунун арты менен ошол кызыгуунун кызуулугун жоготоого, сергек жана сезимтал болууга байланыштуу. Аны тааныбай туруп Ага карата сүйүү бапестей албаганыбыз сыңары Ага карата бапестелген ашыглыкта туу чокуга жетпей туруп чыныгы ыйманга ээ болуу да мүмкүн эмес. Кудай Тааланын сүйүүсүнө татыктуу болуунун өзү да Ага толук түрдө моюн сунууга байланыштуу. Мына ушул себептен улам Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сүйүү - махабат маселесине абдан басым жасаган жана сүйүүгө байланышкан аяр мамиле жасай турган аяр жагдайларды кез жаздымында калтырган эмес.
Андыктан туркөй кейиптенген ушу жаңы заманда адилеттүү, мээримдүү, ырайымдуу жана ыйманы бек адамзааданы өстүрүп, алдыдагы эки дүнүйөнүн ажайып алааматынан аман калуу учун түбөлүктүүлүктүн жарык күнү Азирети Мухаммеддин Ак Жолунан тайбоо кажет!!


Азирети Мухаммад Мустафа - 2

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) адамзат тарыхында өмүр таржымалы өтөөсүнө чыгарылып, тереңден изилденген жападан жалгыз Пайгамбар жана жападан жалгыз инсан катары белгилуу. Калам сүрөсүндө бул улуу Пайгамбар жөнүндө минтип айтылат: “Албетте, Сен улуу адеп-ахлактын сересиндесиң!” (Калам сүрөсү, 4-аят).
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) адеп-ахлагы, адамдык асыл сапаты жана
адамгерчилиги жагынан адам баласы жете ала турган эң бийик туу чокуга жеткен. Анткени, Алла Таала ал аруу затты Курандын тили менен айтканда “Усватун Хасана” б.а. адамгерчилиги эң мыкты үлгүлүү инсан катары бүтүндөй адам баласына ыроолоп берген. Ошондуктан Алла Таала аны коомдун эң төмөнкү катмары “жетимдиктен” тартып, эң жогорку катмары өлкө башчылыгына, пайгамбарлыкка чейинки элдин ар бир катмарына жооп бере алгыдай жөндөмгө эгедер кылган. Ошон үчүн Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көөнөрбөс жашоосу ар бир инсанга үлгү боло алат. Анын адамдык бийик касиетинен, береке-кутунан жана руханнятынан пайдалана билүү - ага бапестелген сүйүүгө түздөн-түз байланыштуу.