Пайгамбарлар Тарыхы - 3

Бул китепте бүт ааламга ырайымдуулуктун жана мээримдүүлүктүн күнү болуп жаркырай турган эң акыркы Элчи азирети Мухаммед Мустафанын келерин жаздын жышааны болгон байчечекей өңдүү сүйүнчүлөй турган пайгамбарлардан,
Чын ыкластан айткан зикиринин фазилети менен тоо-ташты титиреткен, ал тургай жырткыч айбандарды да туйлаткан Давуд (алейхис салам);
Өтө көп байлыгына эч ким атаандаша алгыс күчтүү бийлигине манчырканбай, жүрөгүн зикир менен тойгузган Сулайман (алейхис салам);
Жүз жылдык өлүм уйкусунан соң Алланын буйругу менен кайра тирилип, кыяматтагы кайра жаралууга далил жана мисал көрсөткөн Узайр (алейхис салам);
Терең ой чабыты менен сабырдуулуктун кажыбас түркүгү атыккан Айуб (алейхис салам);
Ыйманга сүңгүп кирип, Жараткандан кечирим тилеп, дуба жана зикир чындыгынын түбүн түрө кыдырып, караңгылыктан кутулган Юнус (алейхис салам);
Алла Тааланын «Илязга салам болсун!» деген өзгөчө назарына жана сүйүүсүнө арзыган Иляз (алейхис салам);
Ааламдарга атагы кеткен Аляса (алейхис салам);
Алла Тааланын мээринен жан дүйнөсүн сугарып, асыл сапатын өөрчүткөн салих пайгамбар Зулкифл (алейхис салам);
Кеменгер насааттары менен дастанга айланган, заттык жана рухий табыптардын пири саналган Лукман Аким (алейхис салам);
Араа менен экиге бөлүнүп жаткан чакта да «кынк» деп үн чыгарбаган, чыдамкайлыгын жана Аллага берилгендигин сактап калган пайгамбар Закария (алейхис салам);
Атасы Закария сыяктуу шейит кеткен Яхия (алейхис салам);
Тамырдын ар бир кагышы менен кошо Алла Тааланы данктап, напсисин кыңк эттирбей моюн сундуруп, Жараткан берген өзгөчө касиет менен ооруларды айыктырып, өлгөндү тирилткен, акырынла асманга көтөрүлгөн Азирети Исанын (алейхис салам) өрнөктүү өмүр таржымалдарын окуй аласыздар.


Пайгамбарлар Тарыхы - 2

Пайгамбарлар тарыхы жыйнагынын 2-китеби катары жазылган колуңуздардагы береги эмгекте оболкусундай эле баш сөздө тизмектелген усул жана ыкмалар толугу менен колдонулду. Ак диндин жарчылары болгон Алланын Элчилеринин алейхимус салам бизге жеткен азыноолак таржымалдары жана тарыхый издери болжолдуу элестер менен жазылды. Төмөндө аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү жана көөнөргүс баяндарын окуй аласыздар.
Тавхид желегин Чыгыштан батышка карай баатырлык менен көтөргөн Зулкарнайн (алейхис салам);
Сагыныч, куса жана сүйүү отуна албырттап, сабырдуулуктун нагыз дастаны Жакып (алейхис салам);
Кулчулукка сатылып, түрдүү кордуктарга кабылып, андан соң зынданда киши чыдагыс кыйын күндөрдү баштан кечириип, акырында Мисир элинин урмат-сыйына татыган Жусуп (алейхис салам);
Тилинен бал тамган чечендиги менен угармандын жан дүйнөсүн толкуткан ак таңдай пайгамбар Хатибул Анбия Шуайб (алейхис салам);
Аса таягынын керемттүү мужизасы менен каапыр фараонду Кызыл деңиздин ириминде калтырган Муса (алейхис салам);
Ар убак Азирети Мусанын жанында жүрүп, тажрыйбаны мол топтогон ыйманы бек тууганы Харун (алейхис салам).


Пайгамбарлар Тарыхы - 1

Жараткандын жардамы жана чымырканган кайрат менен жазылган бул эмгек Куран аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү, сырдуу, жемиштүү өмүр-жашоосунун маңыздуу учурларын камтыйт.
Урматтуу окурман бул китептен төмөнкү пайгамбарлардын көөнөрбөс өмүр таржымалдарын Куран аяттарынын негизинде окуй аласыздар.
Периштелердин саждасына Алла татыктуу кылган Адам (алейхис салам);
Асманды таң калтырган сырдын ээси Идрис (алейхис салам);
Жер жүзүн топон суу менен каапырлыктан тазалаган нух (алейхис салам);
Кудайга ишенбеген Ад коомун алаамат бороон менен түбүн көккө сапырган Худ (алейхис салам);
Албуут азгырыктын кесепетинен пайда болгон зилзалада үйлөрү орду түбү менен ойрондолгон Самуд коомуна жиберилген Салих (алейхис салам);
Заалым Намруттун тоодой алоолонуп күйгөн отун Жаратканга жан-дилден берилгендиги менен гүлзарга айланткан Ибрахим (алейхис салам);
Ырыстуу ыкласы, тообокелчилиги жана берилгендиги менен дастанга айланган Исмаил (алейхис салам);
Урук тукумунан Бани Исраил пайгамбарлары тараган Исхак (алейхис салам);
Содом жана Гоморенин уят-сыйсыз калкын акыр-аягына чейин адеп-ахлакка үндөгөн Лут (алейхис салам).