Бактылуулук Доордо Жашаган Коом

Алланын Элчисинин (саллаллааху алейхи васаллам) өрнөктүү адеп-ахлагы жана пайгамбарлык тарбиясы өтө таасирдүү болгон. Анын укмуштуудай таасирин ушундан билиңиз, мурун чала жырткыч болуп, дээрлик көпчүлүгү адамгерчилик сапаттан куржалак калган «жахилия коому» өтө кыска мөөнөттүн ичинде адамзатты суктандырган “сахаба” деген асылдарга айланып, алардын шарапаты менен «Бактылуулук доор» курулган.
Дал ошул кадырман Пайгамбар караңгы жана түркөй коомдун ичинде өсүп чоңойгон. Бирок, аны Жараткан Алла Өзү тарбиялаган. Аны (саллаллааху алейхи васаллам) бүтүндөй адамзатка Элчи жана رَحْمَةً لِلْعَالَمِين – «ааламдарга ырайымдуулуктун” жүзү кылып жиберген. Ал алып келген ыйык Куран дүйнө жүзүнүн китепканаларына жарык нурун чачып келе жатат. Какшыган жан дүйнөлөрдү көрктөндүрүп, адашкандарга акыйкатты көрсөткөн. Даанышмандыкты, эки ааламдын аялуу сырларын жана илим-билимди үйрөткөн. Анын жана ага келген Курани Каримдин руханияты, берекеси менен мечиттерде Жараткан Алланын акыйкат сабактары окутууда. Ал эми Куран китеби эки дүйнөнүн бак-таалайына багыттоочулук кызматын улантып келе жатат.


Ислам Акыйкат Дин

Адамзат эч бир доордо жол башчысыз, таалим-тарбиясыз калган эмес. Бул жолдо жүз жыйырма төрт миң пайгамбар өз вазийпасын татыктуу аткарып кеткен. Эң соңунда, акыр замандын суроо талабына жооп берген Ислам дини жөнөтүлгөн. Ислам дини Азирети Мухаммеддин (соллоллаху алейхи васоллом) жыйырма үч жылдык Пайгамбарлык мөөнөтү ичинде этап-этабы менен толукталып олтуруп кемелине жеткен. Ошентип, Жараткан бизге Өзү убада кылган эң акыркы динди тартуулаган. Акылга салып калчай турган болсок, бүгүн биз үчүн Ислам дининен улук, Исламдан бийик турган эч бир нематжок.
Ислам дини жалпы пендезатка жиберилгендиктен, бүтүндөй жашоону кучагына алган дүйнө таанымы жана ак менен караны, пайда менен зыянды таасын ажыратып берген өзгөргүс жол-жоболор жыйнагы менен келген. Адам менен адамдын, адам менен табияттын, адам менен жан-жаныбардын ортосундагы карым-катнашты, алаканы алаканга салгандай айкын эрежелер менен аныктаган. Кыскасы жашоонун эч бир тарабын бош калтырган эмес.
Алла Таала баарыбызды Исламды жетик түшүнүп, аны менен жуурулуша жашоо аркылуу Алланын ыраазылыгын тапкан жана бул дүйнөдө көңүлү ток, ал эми акыретте түбөлүк бакытка жеткен пенделерден кылсын...
Оомийн!


Пайгамбарлар Тарыхы - 1

Жараткандын жардамы жана чымырканган кайрат менен жазылган бул эмгек Куран аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү, сырдуу, жемиштүү өмүр-жашоосунун маңыздуу учурларын камтыйт.
Урматтуу окурман бул китептен төмөнкү пайгамбарлардын көөнөрбөс өмүр таржымалдарын Куран аяттарынын негизинде окуй аласыздар.
Периштелердин саждасына Алла татыктуу кылган Адам (алейхис салам);
Асманды таң калтырган сырдын ээси Идрис (алейхис салам);
Жер жүзүн топон суу менен каапырлыктан тазалаган нух (алейхис салам);
Кудайга ишенбеген Ад коомун алаамат бороон менен түбүн көккө сапырган Худ (алейхис салам);
Албуут азгырыктын кесепетинен пайда болгон зилзалада үйлөрү орду түбү менен ойрондолгон Самуд коомуна жиберилген Салих (алейхис салам);
Заалым Намруттун тоодой алоолонуп күйгөн отун Жаратканга жан-дилден берилгендиги менен гүлзарга айланткан Ибрахим (алейхис салам);
Ырыстуу ыкласы, тообокелчилиги жана берилгендиги менен дастанга айланган Исмаил (алейхис салам);
Урук тукумунан Бани Исраил пайгамбарлары тараган Исхак (алейхис салам);
Содом жана Гоморенин уят-сыйсыз калкын акыр-аягына чейин адеп-ахлакка үндөгөн Лут (алейхис салам).


Пайгамбарлар Тарыхы - 2

Пайгамбарлар тарыхы жыйнагынын 2-китеби катары жазылган колуңуздардагы береги эмгекте оболкусундай эле баш сөздө тизмектелген усул жана ыкмалар толугу менен колдонулду. Ак диндин жарчылары болгон Алланын Элчилеринин алейхимус салам бизге жеткен азыноолак таржымалдары жана тарыхый издери болжолдуу элестер менен жазылды. Төмөндө аты аталган пайгамбарлардын үлгүлүү жана көөнөргүс баяндарын окуй аласыздар.
Тавхид желегин Чыгыштан батышка карай баатырлык менен көтөргөн Зулкарнайн (алейхис салам);
Сагыныч, куса жана сүйүү отуна албырттап, сабырдуулуктун нагыз дастаны Жакып (алейхис салам);
Кулчулукка сатылып, түрдүү кордуктарга кабылып, андан соң зынданда киши чыдагыс кыйын күндөрдү баштан кечириип, акырында Мисир элинин урмат-сыйына татыган Жусуп (алейхис салам);
Тилинен бал тамган чечендиги менен угармандын жан дүйнөсүн толкуткан ак таңдай пайгамбар Хатибул Анбия Шуайб (алейхис салам);
Аса таягынын керемттүү мужизасы менен каапыр фараонду Кызыл деңиздин ириминде калтырган Муса (алейхис салам);
Ар убак Азирети Мусанын жанында жүрүп, тажрыйбаны мол топтогон ыйманы бек тууганы Харун (алейхис салам).