Хадис Усулу

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мурасы катары саналган ыйык хадистердин кутман сахабалар менен бирге табииндер жана андан кийинки келген муундар тарабынан жатталып жана жазылып, сакталып келгендиги айдан ачык. Ислам аалымдары, Куранды тафсирлеген (чечмелеп түшүндүргөн), ошону менен бирге, кийинки келген бардык мусулмандардын да билүүсү зарыл экендигин эске алып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мурасынын кийинки доорлорго эң ишенимдүү түрдө жетүүсү үчүн өзгөчө усул-ыкмалар иштеп чыгышкан. Мына ошол өзгөчө ыкмалар “хадис усулу” же болбосо “улумуль-хадис” деп аталат. Тагыраак айтканда, хадис усулу – бул, Пайгамбарга таандык маалыматтардын туура жеткирилиши. Бул эмгек теология жана дин таануу факультеттеринде, ошондой эле диний билим берүүчү жогорку окуу жайларда окугандар үчүн окуу куралы катары даярдалды.